Депутаттар Кыргызстандын ЖККУга катышуусун кайрадан карап чыгууну сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын ЖККУга катышуусун кайрадан карап чыгууну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Депутат Шайлообек Атазов Коргоо министрлигинин өкүлүнөн ЖККУга кирген мүчөсүнүн аймагына аскерий басып кирүүгө тыюу салабы деп сурады. “Уюмдун мүчөлөрү бири-бирине кол сала алабы? Эгерде бир өлкө экинчи мамлекеттин аймагына кол салса, ал кандайча жөнгө салынат?» — деп сурады эл өкүлү.

Коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев суроого жооп бере алган жок.

Депутат Айбек Осмонов ЖККУга катышуу зарылдыгын кайрадан карап чыгууну сунуштады. «ЖККУдагы өнөктөш өлкө биздин аймакка кол салууда, бирок уюм унчукпай жатат. Эмне үчүн мындай адилетсиз уюмда болушубуз керек? Демек, багытыбызды өзгөртүп, андан чыгып башка уюмга киришибиз зарыл”, — деди Айбек Осмонов.

Комитет бүгүн Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылдын 6-июнунда кол коюлган аскердик спутниктик байланыш тутумдарын колдонуу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну жактырды.