Депутаттар манжанын изи аркылуу 2024-жылдын 1-сентябрынан кийин добуш беришет

Кечээ, 22-декабрда парламенттик жыйында “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үч окууда каралды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору мүчүлүштүктөрдү, коллизияларды жоюу жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын беренеси менен өз ара туура байланышты бекемдөө максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүлөр жөнүндө берененин жоболорунда депутаттарды каттоо боюнча ички карама-каршылыктар да жоюлган. Ошондой эле техникалык жана финансылык жагдайлар боюнча азыркы учурда жүзөгө ашырылбай турган ченемдердин күчүнө кириши жөнүндө өткөөл жоболор каралды.

Тагыраагы, манжалардын издери жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу жана манжалардын (манжанын) издери, же болбосо бетти таануу технологиясы аркылуу  идентификациялоонун жардамы менен каттоо функциялары жөнүндө бɵлүктɵрдɵгү жоболор 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев айтылган жобону 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө киргизүү сунушун берди.