Депутаттар министрликке сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлигине макулдук беришти

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги каралды. Талкуу соңунда анын талапкерлигине макулдук берүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

53 депутат макул, 3 эл өкүлү деген каршы деп добуш беришти.