Депутаттар мугалимдерди мазактаган окуучуларга жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташты

Жогорку Кеңеште мугалимди сыйлабагандыгы үчүн окуучуларды жана алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартуу сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар Аманкан Кенжебаев менен Мирлан Самойкожо иштеп чыгышты.

Буга мугалимге окуучулар менен катар алардын ата-энелери жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү себеп болгону жазылган. Мунун баары педагогдун коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келгени белгиленген.

Айып пулдун өлчөмү окуучунун жашына жараша 2-3 миң сомго чейин. Бир жыл ичинде кайталанса, айып 5 миңге чейин көбөйөт же үч күндөн беш суткага чейин камакка алынат.