Депутаттар өздөрүнө 40 миң сомдук ноутбуктарды сатып алышты

Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар жаңы ноутбуктары менен иштешти. Жыйында Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Марат Матазимов ар бир ноутбук 40 миң сомго айланганын билдирип, ноутбуктар эл өкүлдөрүнүн жеке фондунун эсебинен алынганын билдирди. Ал эми сервердик жабдууларын демөөрчүлөр камсыздап берген.

Маалыматка ылайык, депутаттар бул жаңы ноутбуктарды мыйзамдарга добуш берүү, катталуу, кезекке жазылуу жана сунушталган мыйзам долбоорлорунун электрондук версиясын окуу үчүн колдонушат.

Бирок азарынча  канча ноутбук алынып, канча каражат сарпталгандыгы тууралуу так маалымат айтыла элек.

Бирок буга чейин Жогорку Кеңештин аппараты өткөн жылдын октябрь айындагы элдик ыңклапта Ак үйдүн имараты талкаланып, техникалар уурдалгандыктан, мекемеге депутаттар үчун 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алуу керектигин айтып, тендер жарыяланган. Анда бул техникаларга бюджеттен 11,6 миллион сом каралаары айтылган болчу.