Депутаттар педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзамды колдошту

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын тобу «Жазык кодексинин мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, бул зордук-зомбулук көрсөткөндөр жана педофилдер боюнча мыйзам. «2021-жылдын статистикасын карап көрсөк, жашы жете электерге карата жасалган кылмышта боюнча жалпы 3 миң 34 кылмыш иши тергелген. Ошонун ичинен 293ү жыныстык кылмыштарды түзөт. 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”, — деди ал.

Депутаттын сунушу боюнча жашы жете электерге карата кылмыш кылып, ал жазага тартылчу болсо:

Бул сунуш депуттар тарабынан биринчи окууда өттү.