Депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште депутаттар шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, Кыргызстанда 30 шайлоо округу болот. Ар бир округга 3 мандат берилип, анын экөөсү эркекке, бирөөсү аялга берилет.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорундагы негизги өзгөртүүлөр төмөнкүдөй болмокчу:

— 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат;

— 30 мандат аялдарга квота катары бөлүнөт. Аял талапкерлердин ичинен эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат;

— Партиялар ар бир округдан бирден талапкерди көрсөтөт. Ошондой эле мүчө болбогон (башка партияларда мүчө болбосо) жаранды дагы талапкер катары көрсөтө алышат;

— Депутаттын орду бошогондо (мандатынан ажыратылып же тапшырса) ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.