Депутаттар Социалдык фонддун пенсиялык реформасын четке кагышты

Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсия чектөө жол-жоболоруна таасир эткен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, эскирген ченемдерди алып салуу, ошондой эле 1996-жылга чейинки мезгил үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн чектөө системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов сунушталган мыйзам долбоору калк турмушуна терс таасир берерин айтып, анын ичинен тоолуу райондордо жашагандардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү элдин кызыкчылыгына каршы келерин кошумчалады. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун четке кагуу сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, четке кагылды.