«Сиз башка кызматка өттүңүзбү?» деп сурады депутат Мейкинбек Абдалиев 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычевден.
- Жогорку Кеңеште спорт жана дене тарбия боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
«Бүгүнкү мыйзамга эмне тиешеңиз бар экенин түшүнбөй жатам же Олимпиадалык чемпиондордон салык ала турган ниетиңер барбы?» — деп суроо салды депутат.
«Мага атайын телефонограмма келген. Мен деле мыйзамды окуп, суроо болсо жооп берейин деп күтүп жатам», — деди ал.