Депутаттар спорт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жыйынга салыкчынын эмнеге келгенин түшүнбөй жатышканын айтты

«Сиз башка кызматка өттүңүзбү?» деп сурады депутат Мейкинбек Абдалиев 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычевден.

«Бүгүнкү мыйзамга эмне тиешеңиз бар экенин түшүнбөй жатам же Олимпиадалык чемпиондордон салык ала турган ниетиңер барбы?» — деп суроо салды депутат.

«Мага атайын телефонограмма келген. Мен деле мыйзамды окуп, суроо болсо жооп берейин деп күтүп жатам», — деди ал.