Депутаттар Тамчыда оюн-зоок комплексин куруу долбоорун биринчи окууда кабыл алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-апрелде Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Долбоордун авторлору — Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков. Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргыз жарандары киргизилбейт. Эгерде Кыргыз жарандары кирип, утулуп калса, анда мекеме алардын уттуруп ийген акчасын кайрып берүүгө милдеттендирилет. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Бирок көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун талкуулап жатканда андан Кыргыз жарандары жапа чегип калбашына кепилдик жок экенин билдиришти. Алардын айрымдары мыйзам долбоорду президент Садыр Жапаров же парламент төрагасы Талант Мамытов сүрөмөлөп жатат деген божомолдорун айтышты.

Добуш берүү учурунда 91 депутат катталып, 68 депутат макул болсо, 23 эл өкүлү каршы добуш берди.