Депутаттар таштанды талаасына барып, 22 миллион евронун изин издешти

“Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден-соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты.

Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев көп жылдан бери топтолгон таштанды жайы шаардыктардын ден-соолугуна олутуу зыян келтирип жатканын белгилеп: “Көйгөйдү чечүүгө багытталган иш-пландар аягына чыгарылбай келет. Алсак, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 миллион евро бөлгөн. Бирок эч кандай жумуш жасалган эмес. Андыктан, маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды так белгилеп, күнөөлүүлөрдү да элге ачык айтуу керек”, – деди.

Ал эми 22 миллион евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо да бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Муну менен катар депутаттар кийинки жыйынга Башкы прокуратуранын өкүлү аталган маселе боюнча кеңири маалымат бериши керектигин белгилешти.