Депутаттар Ысык-Көлдө чет элдиктер үчүн казино ачууну сунуштады

Эл өкүлдөрү Ысык-Көлгө эс алганы келген туристтер үчүн казинолорду ачууну сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутаттар – Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков. Алар кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан. Мындан улам Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүү сунушталды.

2012-жылдын 1-январында өлкөдө кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө кирип, казинолорду иштетүү мыйзамсыз болуп калган.