Депутаттык комиссия Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты

Депутаттардан түзүлгөн комиссия депутат Бактыбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты. Бул тууралуу жыйында комиссиянын мүчөсү Аманкул Токтомамбетов билдирди.

«Комиссиянын жыйынтыгын айтып коеюн, 11 депутат тең Бактыбек Жетигеновду кылмыш жообуна тартканга каршы болду. Мен кесиптештерден суранам, добушка коюлганда толук келип беришсин», — деди ал.