Депутаттардан түзүлгөн комиссия Кумтөр кенине барды

Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өндүрүш иштери менен жерине барып, таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүштөгү иш процесси менен таанышкан депутаттык комиссиянын мүчөлөрү бир катар сунуштарга токтолушкан. Депутат Эрмамат Тагаев бир нөөмөттө 12-18 саат иштеген жумушчулардын иш убактысын 6 саатка кыскартууну сунуштап, кызматкерлердин саламаттыгы башкы орунда экенин жүйө келтирди. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагында мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анткени, ал жердеги беш мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат.

Андан сырткары аталган комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров уулуу заттарды сактоо, компанияда иштегендердин эмгек акысын, жөлөк пулдарын толук чегерүү, алардын саламаттыгына кам көрүү, саркынды сууларды сакталуучу жайды коопсуз кармоо маселелерине байланышкан сунуштарды берди. Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева кенди калктын келечеги үчүн пайдалангыдай иштетүү керектигин белгилесе, депутат Ныязбек Арзыбаев бардык кен жана шахталарды иштетүүгө бирдиктүү салык системасын киргизүү зарылчылыгына токтолду.

Депутат Каныбек Иманалиев болсо саркынды сууларда калган болжолдуу 106 тонна алтынды кайрадан иштеп чыгуу керектигин билдирди. “Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди Иманалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Кумтөрдү иштетүүдө 26 пайыздык үлүшкө ээ. Акыркы маалыматтар боюнча 2020-жылы ишкана мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которгон.