Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү парламентке келген жок

Бүгүн, 1-декабрда парламентте жыйын өтүүдө. Депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин карашы керек.

Аида Касымалиева алгач комиссия түзүлүп, ал корутунду бере турганын айтты. Анын айтымында, парламент башкы прокурордун сунушун 48 сааттын ичинде кароого милдеттүү.

Парламенттин жыйынына Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келген жок. Депутат Аманкул Токтомамбетов көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн келбегенине нааразы болду. Эл өкүлү комиссиянын курамына ар бир фракциядан үчтөн адам кирүүсүн да сунуштады.