Депутаттардын «Акрамовдон кечирим сурасын» дегенине министр Бейшеналиев «сурабайм» деди

Кечээ, 17-мартта Жогорку Кеңештин бир канча депутаты саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жүрүм-турумун сөз кылышып, анын белгилүү хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурашы керектигин билдиришкен.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, министрдин жүрүм-турумуна президент Садыр Жапаров реакция кылышы керек. «Министр болсо эле шылдыңдай берсе болот дегендик болуп калууда. Мындайга жол берүүгө болбойт. Министр эл көзүндөгү адам экенин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашап жатканын эстен чыгарбашы кажет», — деди Бекешев.

Депутат Бактыбек Сыдыков өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган Эрнст Акрамовдон министр кечирим сурашын талап кылган. «Ал 85 жашта, бүт өмүрүн саламаттыкты сактоого арнаган, үйү жана туугандары жок. Анан ушундай кишини «лопух» деп жатат. Кандай чиновник болбосун, мындайга жол бербөө керек. Академиктен кечирим сурасын», — деди Сыдыков.

Ушундай эле пикирди депутат Камила Талиева да айтып, ал да министрдин хирургдан кечирим сурашы зарылдыгын билдирген.

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген комментарийинде белгилүү хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты. Министр өзүнө өзү кожоюн экенин, министр ал экенин да айткан.