Депутаттардын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөттөрү жарыяланды

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин сайтында депутаттардын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөттөрү жарыяланды.

Ошондой эле “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы өндүрүшүн жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Арсланбек Малиев маек берген.

«Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан 19,2 тонна алтын жоголуп, белгисиз өлкөлөргө ташылганы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Буга байланыштуу анын аныктыгын текшерүү боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан бирден өкүл кирген. 19,2 тонна деген чоң көлөм. Мындай өлчөмдөгү алтындын каякта экени белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат көпчүлүктү бушайман кылды. Андыктан жагдайды иликтеген комиссия өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, аталган маалыматты ар тараптуу иликтеди. Көп адамдардан маалымат алынып, ийне-жибине чейин тактадык. Анын ичинен Улуттук банкка барып, алтын запасын эсепке алуу жана сактоо процесси менен тааныштык. Таанышуу учурунда ар бир фракциянын жана депутаттык топтун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын бардык мүчөсүнө каалаган жашикти тандап, аны ачып көрүү жана алтын куймаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ал тургай алтынды кармап сүрөткө түшүп, бардыгын тасмага тарттырдык. Бул архив үчүн маанилүү. Ошондой эле 2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банкынын кампасында 43 миң 944,13 килограмм алтын запасы сакталып турат. Тагыраагы, 19,2 тонна алтындын жоголгондугу же белгисиз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Аталган имиштерди аныктаган бир дагы маалымат же тастыктаган кагаз тапкан жокпуз. Муну комиссиянын ар бир мүчөсү далилдеп бере алат», — деди ал.