«Депутаттардын дараметин көрүп жатабыз». Кыргызстанда бийликке кеңеш берген уюм түзүлдү

Кыргызстанда бийликке кеңеш берген “Коомдук кеңеш” аттуу уюм түзүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Исмаил Исаков билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 26-апрелде уюмдун жыйыны өткөн. Ар кандай тармактар боюнча курамы 9 комиссияга бөлүнгөн. Уюмдун катарына 50дөн ашык окумуштуу, саясатчы, ар тармактуу адистер кирген.

«Биз Кыргызстанда болуп жаткан орчундуу окуяларды изилдеп, тактап, бийлик бутактарына жеткирели деп турабыз. Жогорку Кеңештин депутаттарынын дараметин көрүп жатабыз. Мыйзамдары чийки. Биз ошолор боюнча сунуш беребиз», — деди ал.