Депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу. Эртең Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

Эртең, 1-декабрь саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Күн тартибине 11 маселе киргизилген. Жыйында Жээнбеков, Зулпукаров, Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү каралат.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок кворум жок жыйналыш өткөн эмес. Ошол күнү жыйынга 5 гана депутат келген.

20-октябрда парламентте үгүт учурунда каникулга кетүү боюнча маселе каралган болчу. Бирок жыйында пикир келишпестиктер жаралган. Айрым депутаттар 1 айга каникул болушу керек, буга мыйзам жол бербесе да, моралдык жактан туура эмес болуп каларын айтып, жетинчи чакырылышка ат салышып жаткан депутаттар парламенттин трибунасын жеке пиар үчүн колдонбошу үчүн каникул жарыялоо сунушун колдошкон. Бирок айрым талапкерлер бул демилгеге каршы чыгышкан. Акыры 49 депутаттын добушу менен каникул болбой турганы чечилген болчу