Депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу. Парламентте кворумду топтошту

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, күн тартибиндеги 11 маселени карап жатышат. Жыйын саат 10:00дө башталышы керектигине карабай, саат 11:00дө каттоодон 36 гана депутат өткөнАида Касымалиеванын айтымында, кворум болуш үчүн кеминде 61 депутат каттоодон өтүшү керек эле. Жарым саат өткөн соң, тактап айтканда саат 11:30да 61 депутат каттоодон өтүп, кворум топтолду.

Алар күн тартибиндеги маселелерди карап башташты. Жыйында Жээнбеков, Зулпукаров, Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү каралат.