Депутаттык комиссия “Кыргыз алтындын” аффинаждык заводунун иши менен таанышты

Кечээ, 30-январда “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунда алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия Кара-Балта шаарындагы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводуна жана Кара-Балта тоо-кен комбинатынын борбордук илимий-изилдөө лабораториясына барды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Арсланбек Малиев төрагалык кылган комиссиянын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Надира Нарматова, Балбак Түлөбаев, Марат Мураталиев, Нилуфар Алимжанова, Карим Ханджеза, Мейкинбек Абдалиев, Динара Ашимова жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун өкүлдөрү комиссиянын мүчөлөрүнө алтын камтылган сырьену иштеп чыгуу технологиясы тууралуу айтып берип, өндүрүштүн жүрүшүн көрсөтүштү. Алардын айтымында, аталган завод “Кумтөр”, “Алтынкен”, “Эти Бакыр Терек-Сай” өңдүү компаниялар менен иш алып барат. Андан тышкары, депутаттар Кара-Балта тоо-кен комбинатынын борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын жана “Stewart Assay and Environmental Laboratories” көз карандысыз лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле депутаттар Улуттук банктагы иш жараянын көрүп, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы алтын” аталышындагы баяндамага күбө болушту.

Арсланбек Малиев төрагалык кылган “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунда алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Министрлер кабинетинин төрагасы менен бирге “Кумтөр” алтын кенине да барышкан.

Алсак, аталган комиссия өткөн жылдын 28-сентябрында түзүлгөн.