«Депутаттыкка талапкер сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керек эмес». Мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Нурлан Шакиев, Улукбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Марлен Маматалиев “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. 

Жогоруда аты аталган депутаттар мыйзамдагы бул нормадан арылууну сунуштап жатышат.

Түзөтүү киргизүүнү сунуштап жаткандар милдеттүү билим берүү боюнча мындай норма шайланууга укугу бар адамдардын белгилүү чөйрөсүн чектей турганын белгилешет. «Кыргызстанда жарандар өлкөгө реалдуу социалдык, экономикалык жана саясий жардам алып келе турган өз потенциалын толук ишке ашыра албай калган учурлар болгон», — деп белгилешет авторлор.