Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Бактыбек Райымкулов жыйын учурунда кайым айтыша кетип, чыр сөгүшүү менен аяктады. Анда Райымкулов кесиптешин «голубой» деп атаган, бул сөз үчүн Бекешев аны сөгүп таштаган.
Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, аны үчүнчү окууга чыгарып берүүнү суранды. «Бул мыйзамды караш керек. Коммерциялык эмес уюмдар өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип турушсун. Батыштын кызыкчылыгы менен алар ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат», — деди Бактыбек Райымкулов.
Отурумда Бекешев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо максатында уюшулган митингге катышкан кесиптештерин сындаган. Бул акцияга катышкандардын бири депутат Таабалды Тиллаев ага жооп катары гейлерди колдоп жүргөн айрым кесиптештер бар экенин айткан.
Матраимовду колдоо максатында 28-февралда Ош шаарында өткөн митингге Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев жана Бактыбек Райымкулов катышкан болчу.











