Дин башкармалыгында муфтийди жана дин комиссиясынын жетекчилерин алмаштырууда Бурхановдун ролу кандай? Жапаровдун жообу

Арзыбек Бурхановдун катачылыгы дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку директору Акин Токталиевге барып: «Ушундай ызы-чуу болуп жатыптыр. Ызы-чуу кылбай эки тарапты тең жараштырып, басып коюңуз»,- деп айтканында. Бул тууралуу кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаровдин башкармалыгында болуп жаткан ызы-чуу боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Маекте журналист Алмаз Касымалиев «Бурхановду кадр саясатына түздөн-түз кийлигишкен, таасир эткен, көп маселени чечкен киши катары айтып жатышканына эмне дейсиз?» деп суроо узатты.

“Бул ушакчылардын сөзү Бурханов бир да жолу мага келип муну коюп бериңиз деп суранган эмес. Мен кандай буйрук берсем, ошону гана аткарып жүрдү. Мен мурункулардай болуп бир адамдын жетегине кетип калбаймын. Муну мен “раз и навсегда” айтып коеюн. Муну мен иш жүзүндө да көрсөтөм. Бирөө кадр алып келе турган болсо, мен УКМКга же болбосо ИИМге жөнөтөм. “Бул кандай кадр” деп. Анан эле кээ бирөө “таза” деп келет. Таза деп келет, таза экен деп койсоң эле, кошуна-колоң, таанышы-билиши тараптан момундай иши бар деп интернеттен чыгып калып жатат. Чекесине жазып койгон эмес да. Ошону үчүн айтып жатпаймынбы, жаш жана таза кадрларды өстүрүп чыккыча беш-он жыл убакыт керек экен”,- деди ал.

Ал мындан тышкары дин башкармалыгында муфтийди жана дин комиссиясынын жетекчилерин алмаштырууда Бурхановдун ролу боюнча түшүндүрмө берип, буларга токтолду.

“Мен Бурханов деген менин жанымда жүргөн, мурдагы депутат болгон жардамчымдан суранып: «Максат ажыга жолугуп, эгер ушундай ызы-чуу болуп жаткан болсо, баарынын башын бириктирип, тынч эле тарап кетишсин. Дин тарапта жүргөндөр өзүлөрү жактырган адамды коюп алышсын»,-  деп айт дедим.  Анын катачылыгы түз барып эле сүйлөшкөндүн ордуна Акин Токталиевге барып: «Ушундай ызы-чуу болуп жатыптыр. Биз ызы-чуу кылбай эки тарапты тең жараштырып, басып коюңуз»,- деп, айткан экен. Анан ал барып, туура эмес маалымат айтыптыр. Эртеси күнү ызы-чуусу күчөй баштады. 5-күнү болушу керек эле, инаугурацияга жакындап калган мезгил эле. Мен өзүм муфтийге чалып айттым: «Жума намазга баратам азыр сиз ошол мечитте күтүп туруңуз, нааразы тарапты да топтонуз, өзүнүз тарапты да топтоңуз. Менин бул боюнча терең маалыматым жок, алардан угайын»,-  дедим. Жаңы салынган мечитке баратсам чалып калды. «Биз эски мечиттебиз» дешти. Бурулуп эски жерине кирдим. 7-8 дин чөйрөсүндөгү адамдар отурган экен. Абдышүкүр ажы да бар болчу. Отуруп 4-5 саат сүйлөштүк. Мен эки тарапты тең уктум.”, — деди президент.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 52 жаштагы Арзыбек Бурханов учурда кандай кызматта иштеп жатканы белгисиз. Соңку кездерде анын ысымы кадрларды дайындоодо, дал ушул муфтияттын айланасындагы чырда да айтылып жатты.