Динара Кемелова Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кемелова Динара Амантуровна резиденциясы Сеул шаарында жайгашып, ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.