Добуш берүүчүлөр шайлоого пассивдүү катышып жатышат

Бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Бул жолку добуш берүүдө буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу жарандар пассивдүү болуп жатышат.

Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жана референдумга добуш берген шайлоочулардын саны 3 пайызга, мындайча айтканда 100 миң жаранга да жеткен жок. Саат 12:00гө карата көрсөткүч жогорулап, шайлоого катышкандар 9 пайыздын тегерегин түздү. Бул 300 миңден ашуун жарандын добуш берүүгө келгенин билдирет. Аймактардан өзгөчө Ош облусунун шайлоочулары активдүүлүк, ал эми Чүй облусунун добуш берүүчүлөрү пассивдүүлүк кылып жатышат.

Саат 8:00дө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 2,5 миңге жакын шайлоо тилкеси ачылып, алар кечки саат 8:00дө жабылат. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө 50гө чукул шайлоо тилкеси бар. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 3 миллион 563 миң 574 жаранды түзөт.