Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша алабы? БШКнын жообу

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматовго добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлер боюнча суроо салды.

Депутат: Жергиликтүү кеңешке шайлоо болгону жатат. Мурда өткөн шайлоодо 3 партиянын мыйзам бузууларынын негизинде кайра шайлоо болгону жатат. Ошол жердеги талапкерлерди кайра шайлоого катыштырбаганга маселе козголушу керек эле. Ошону кандай чечип жатасыздар? Ошол кандидаттар катышпайбы? Аларды кантип аныктап жатасыздар? 

БШКнын өкүлү: Сиз айтып жаткан маселе шайлоо боюнча мыйзамда так жазылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлерге чек коюу боюнча так норма бар. Ал боюнча АШК, БШК жана сот органдары тарабынан айыбы такталган талапкерлер бар. Аларды четтетүү боюнча, адарды кайра шайлоого каттатпоо боюнча база жетиштүү. Учурда АШКлар талапкердердин буга тийиштүүлүгү бар же жогун аныктап жатышат. 20-июнга чейин убактыбыз бар. 

Депутат: Кайра шайлоого жаңы партиялар катыша алабы?

БШК өкүлү: Мыйзамда кайра шайлоого жаңы партиялар каттала берет. Аларга чектөө жок.

Депутат: Анда сизден бир өтүнүч аталган талапкерлер боюнча кылдат иш алып барсаңыздар. Алар кайра жаңы партияларга кирип алып жатышат. 

БШК өкүлү: Ал биздин тыкыр көзөмөлдө болот.