Добуштарды кол менен саноо аяктады. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы өзгөрүп деле кеткен жок

Бүгүн, 16-январда БШК добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоо менен референдумдун алгачкы болжолдуу жыйынтыгы автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу берилген. Буга чейин шайлоо тилкелердин баарынан добуштар келип түшкөн соң жыйынтык расмий жарыяланары маалымдалган эле.

Саноонун экинчи баскычы менен Садыр Жапаров президенттик шайлоону 79,23 пайыздык колдоо же 1 миллион 100 миңден ашуун жарандын добушу менен жеңди. Экинчи орунду 6,78 пайыздык колдоо же 95 миңдей добуш менен Адахан Мадумаров алды. Шайлоого катышкандар жалпы добуш берүүгө укугуна ээ жарандардын 40 пайызга чукулун түздү.

Өлкөдө президенттик шайлоо менен катар башкаруу формасын тандоо боюнча референдум дагы болуп өткөн. Президенттик башкаруу формасын 81,5 пайыз, парламенттик башкаруу формасы 10,92 пайыз  шайлоочулар колдогон.