Доллар менен кредит алгандар эмне болот? Министрлер кабинети план иштеп чыгууда

«Министрлер кабинети Улуттук банк менен биргеликте доллар менен алынган кредиттерди конвертациялоону даярдап жатат». Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, коммерциялык банктарга доллар менен насыя берүү тыюу салынган. Дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу банктан доллар менен кредит алгандарга колдоо көрсөтүү даярдалып жатканы маалымдалды. «Бүгүн доллар 20 сомго кымбаттап кетти. 85-90 сомдун тегерегинде конвертация кылат болушубуз керек. Калган айырманы бюджеттен төлөп беребиз. Мындай практика 2014-жылы да болгон», — деди министр.