Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.