Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдиришти.
Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берди.
Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт.
Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды.