Дыйкандар жана фермерлер жер салыгынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулду. Мындан тышкары, 1-январдан тарта аларга 6 пайыз менен насыялар бериле баштайт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу дыйкандар жана фермерлер! Бүгүн мен айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Бул жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш аз да болсо, сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 1-январдан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан тышкары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу. Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир метр сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер — айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. “Айыл банк” жана “РСК банк” менен тыгыз иштей баштаңыздар. Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак-аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек», — деп айтылат маалыматта.