Дүйнөлүк банк COVID-19 менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлөт. Жарымы — насыя

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн 20 миллион доллар бөлүп берет, анын жарымы насыя. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, насыя 37 жылга жылдык 0,75 пайыз менен берилет. Калган 10 миллион доллар грант. «Биз COVID-19га каршы күрөшүүдө товарларга жана кызматтарга 19 миллион доллар сарптайбыз. Анын ичинде 17 миллион долларга вакцина жана керектүү компоненттерди сатып алабыз, 986 миң долларды шаймандарга, 450 миң долларын таштандыларды чыгарууга, 750 миң долларын имараттарды оңдоого жана 600 миң долларын маалымат кампаниясына жумшайбыз”, — деди министр.