Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сот отуруму бүгүн да жылдырылды

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралыш керек болчу. Бирок сотко УКМКдан Зилалиев өзүн жаман сезип жаткандыгы тууралуу маалым кат келип түшкөн.

Анын негизинде сот отурум 24-февраль күнү саат 14:00гө жылдырды.

Кечээ, 17-февралда дагы Зилалиев өзүн начар сезип жаткандыгына байланыштуу сот отуруму жылдырылган болчу.