«Ээ дебесең мага!». Комитет жыйынында депутаттар мушташып кете жаздашты (видео)

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитетинин отурумунда депутаттар Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев мушташып кете жаздашты.

Акылбек Кемелов Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылды. Мурашев кесиптешинен өз оюн тезирээк билдирүүсүн жана регламент жөнүндө унутпоосун өтүндү. Кемелов Мурашевди адвокат болбоого үндөп, кесиптештерин сыйлай тургандыгын айтты.

«Ээ, мен эч кимдин адвокаты эмесмин. Тезирээк сүйлөңүз, башкалар да бар», — деп жооп берди Мурашев.

«Ээ дебесең мага! Сен эмне мага эй деп жатасың!» — деди Кемелов.