«Эч бир президент келбеди» деп сайрагандар сабыр кылып турушсун». Өлкө башчысы бир күндө Токаев менен Мирзийоев келерин билдирди

«Эч бир президент келбеди» деп сайрагандар сабыр кылып турушсун». Өлкө башчысы бир күндө Токаев менен Мирзийоев келерин билдирди.

«Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-холл сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет», — дейт президент.