«Эч кандай мааниге ээ эмес». Депутат Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгып калганы боюнча үн катты

Кечээ, 5-июнда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы чыгарып салган депутат Айгүл Айдарова фракциянын мындай чечими боюнча үн катты.

«Мени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз.

Биринчиден, мандат алып иштеген күндөн баштап 4 жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли, ал башкысы эмес, фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак, анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда, фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта берем. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп. Кыжаалат болуп жеке баракчама жазып, чалып сурап жатасыздар. Менде баары жакшы. Мындай майда чечимдер үчүн баш оорутуунун кажети жок болчу. Көпчүлүктүн оюн сыйлап жооп жазып койдум. Телефон чалып издеп, сурап жаткан жакшыларым ден-соолугум кичине эркелеп дарыланып жаткан учурум. Телефон кармаганга уруксат жок болуп жатат дарыгерлер тарабынан», — деп жазды ал.

«Бүтүн Кыргызстан» депутат Айгүл Айдарованы аталган фракциядан чыгарганын фракция лидери Исхак Масалиев билдирген. Анын айтымында, фракция жыйыны 30-майда өткөн жана буга анын фракция жыйындарына катышпай калгандыгы жана келбей калган себептерин фракцияга билдирбегени менен түшүндүрүлгөн эмгек тартибин системалуу түрдө бузуулар себеп болгон. «Ал Жогорку Кеңештин депутаты бойдон кала берет. Биз аны «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы жана партиясы менен байланыштырбоону суранабыз», — деген депутат.