«Эч кандай санкциядан коркпойбуз». Акылбек Жапаров «Мир» карталарын тейлөөнүн токтотулушу боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борбору апрель айында өлкөдө орусиялык “Мир” карталарын тейлөө токтотулгандыгын кабарлады. Буга АКШнын Каржы министрлигинин Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциясы себеп болгондугу айтылууда. Кыргызстандын банк системасында, дегеле эл аралык акча которууларды жүргүзүүдө “Мир” картасынын орду канчалык маанилүү эле? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабарга» берген маегинде “Мир» карталарын тейлөөнүн токтотулушу боюнча түшүндүрмө берди.

— Кыргызстандын төлөм системасы “Мир” картасын өчүргөнү боюнча комментарий берсеңиз… Эмне себептен мындай кадамга бардыңыздар? Мүмкүн болгон санкциялардан чочуладыңарбы?

— Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет.

Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок.

Үчүнчүдөн, “Мир” картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ Өкмөткө карабайт. МПЦны (Банктар аралык процессинг борбору — ред.) коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм.

— Өлкөбүздүн банк системасында, эл аралык акча которууларды жүргүзүүдө “Мир” картасынын орду канчалык маанилүү эле?

— “Мир” картасы көбүнчө орусиялыктарга эмес, бизге пайда алып келет эле. “Мир” картасын өчүргөн үчүн Орусиянын кылы да кыйшайбайт. “Мир” картасы иштеп турганы бизге көбүрөөк керек эле. Мейли эми өчүрсө өчүрүптүр да деп башка жолдорун караштырып жатабыз. МПЦ өкмөт менен макулдашып койсоңор болмок деп жатабыз. Себеби Орусияда биздин бир миллиондон ашуун жарандарыбыз бар. Алардын баары “Мир” картасын колдонушчу. Орусия тараптан да 3 жылдан бери Кыргызстанга өзүңөрдүн баңкынарды ачкыла же чоң бир банкыңардын филиалын ачып бергиле деп суранып келе жатабыз. Макул деп эле келе жатышат, бирок эмдигиче ачылбай жатат. Жай иштешеби же ачкылары келбей жатышабы билбейм. Эң жок дегенде бир банкынын филиалын ачып коюшса биз үчүн жакшы болот эле.