Эдил Байсалов: «Гиннесстин китебине ити да, бити да кирет. Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп экен»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп экенин жазып чыкты.

«Дөөлөт Сыдыков Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады. Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннесстин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду. Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым. Дөөлөт Сыдыков Гиннесс китепке эң узак Манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен. Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак Манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннесстин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет. Чооң заңдадым деп дагы киргендер бар. Мен «Ала-Тоо» аянтына туруп алып, 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, Манас айтканда бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны Манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө, Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура», — деп жазды ал.