Эдил Байсалов китепканалар калкка бекер кызмат көрсөтөрүн убадалады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Ош шаарына барды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Шаардын социалдык объектилерине болгон жүрүшүнүн алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында болуп, ал мекеменин инфраструктурасы, материалдык-техникалык базасындагы жабдуулар, китептердин, компьютерлердин жетиштүү деңгээлде камсыздалышы менен таанышкан. Иш сапарда Байсалов жаштарды китепканага тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү аракетин кылуу керектигин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында ал китепканага кирүү үчүн жаштардан акча каражат алууга жол берилбеш керек экенин баса белгиледи. «Мындан ары китепкана кызматтары акысыз болушу керек. Китепкана — билимдин булагы. Бул жерде биз жаштарга, жалпы эле жарандарга керектүү шарттарды түзүшүбүз керек. Китепкана көрсөтүп жаткан кызматтар үчүн акы республиканын бир дагы китепканаларында алынбашы керек», — деди ал.

Ошондой эле Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, бейтаптарды кабыл алууну санариптештирүү, коронавируска каршы эмдөө, материалдык-техникалык базалар менен таанышкан.