Эдил Байсалов: «Кыргызстан “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады»

Бүгүн, 29-июль күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер баракчасына «Саат 17:00дө өтө маанилүү билдирүү жарыяланат» деп бүйүрдү кызыткан анонс жазып өткөн.

Андан бир саат өтпөй маалымат кечигип жатканын айтып, «Акыркы штрихтер. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Саат 18:00гө эл аралык окуя белгиленген. Пресс релиз болжолдуу 18:10до таратылат» деп кошумчалаган Байсалов.

Кийинчерээк Байсалов бүйүр кызыткан анонс «Кумтөр» темасына байланыштуу экендигин билдирди. «Кыргыз Республикасы “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады. Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү», — деди Эдил мырза.