Байсалов өкмөт өлүм жазасын киргизүүгө каршы турарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына өкмөт өлүм жазасын киргизүүгө каршы турарын жазды.

«Өлүм жазасынан баш тартуу — бул бир катар элдик добуш берүүлөр аркылуу ырасталган негизги конституциялык нормалардын бири. Бул убактылуу мораторий эмес, бул аң-сезимдүү чечим! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдик демилгелерден коргоодо бекем турат», — деп жазды Байсалов.

61 депутат президентке педофилдерди өлүм жазасына тартуу ыкмасын киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатканын депутат Дастан Бекешев жазып чыккан. Анын айтымында, жакында тиешелүү токтом долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна кирет.