Эдил Байсаловдун Швецияда убактылуу жашоого уруксаты бардыгы талкууга түштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жергиликтүү  ЖМКларга Швецияда жашоого уруксаты бар деген маалымат боюнча комментарий берди.

«Биринчиден, мыйзамды карап чыккыла. Биз Орусияда жашабайбыз, ал жакта гана башка өлкөдө жашоого уруксат берүү кызматты ээлөөгө тыюу салат. Экинчиден, таратылып жаткан маалымат жөн эле куру сөздөр. Мен 2019-жылы же 2020-жылы эч кандай арыз берген эмесмин. 2008-2010-жылдары Швецияда жашаганым жалпыга маалым. 2010-жылдын 8-апрелинде таң эрте үйгө учуп кеткем. Ооба, Швецияда жашы жете элек кызым бар. Бирок бул менин жашоом, мунун мамлекеттик жашоого эч кандай тиешеси жок. Эчактан бери көчүп кетүү үчүн миллиондогон мүмкүнчүлүктөргө карабай, мен Кыргызстанда калгам жана ушул жерде жашайм. Ошондуктан мен бул жерде жана азыр жакшы жашоо үчүн күрөшүп жатам», — деди ал.

Эдил Байсалов ошондой эле 2008-жылы Кыргызстандан качып кеткенде Швецияда «качкын» катары жашап турууга уруксат берилгенин түшүндүрдү. «Бирок статус өлкөдө жашасаң гана сакталат. Ал эми эки жылдан кийин мен кетип, Бишкекке кайтып келип, убактылуу өкмөттүн аппаратында иштеп, дайыма Кыргызстанда болдум. Башка паспортум же жашоого уруксатым жок», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Эдил Байсаловдун Швецияда жашап турууга уруксаты бар экенин ratsit.se сайтына шилтеме берүү менен жарыялаган.