«Эки баштуу министр келсе да алы келбейт». Билим берүү министрлиги жаңы жылдан кийин экиге бөлүнөрү маалымдалды

Билим берүү министрлиги экиге бөлүнөт. Жогорку Кеңешти төрагасы Нурланбек Шакиев бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда III Элдик курултайда билдирди.

Төраганын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги «Жогорку билим жана илим министрлиги» жана «Агартуу министрлиги» болуп экиге бөлүнөт.

«Билим берүү тармагы абдан чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, жогорку окуу жайлар өңдүү 8-9 багытты алып барат. Бул министрликке эки баштуу министр алып келсек дагы алып кете албайт. Бул демилгени президент дагы колдоп, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат», — деди Шакиев.

Анын айтымында, мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө — Агартуу министрлиги болот.