«Эки фондум бар. Бири демөөрчүлөрдөн чогулат». Өлкө башчысы Нарындагы жолдор кайсы эсептен каржыланып жатканын айтты

«Эки фондум бар. Бири демөөрчүлөрдөн чогулат». Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Нарындагы жолдор кайсы эсептен каржыланып жатканын айтты.

— Нарын облусуна болгон акыркы иш сапарыңызда Министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды бердиңиз эле. Маселен, Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөө жана асфальттоо боюнча. Бул үчүн каражат булагы кайдан болот, бюджеттин эсебинен кетеби же президенттик фондуңузданбы?

— Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси спонсорлордон чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала-бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем.

Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым. Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем.