Жогорку Кеңештин эки фракциясы Баткенде биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт

«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткен облусунда биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын, Тажикстан менен чек арада 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселесин, Тажикстан менен чектеш аймактардагы кырдаалды карашат жана Ош облусунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж айрым унаа жолдорго байланыштуу маалымат алышат.

Буга чейин облуста Министрлер кабинети да көчмө жыйын өткөрөрү маалымдалган.