Депутат Рыскелди Момбеков эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо босогосу сунушталган үч пайыздан бешке көтөрүлгөнүн сурады.
Анын айтымында, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү биринчи окууда жактырган мыйзам долбоору үч пайыздык босого көрсөтүлгөн.
«Бул мыйзам биринчи окууга киргенде саны боюнча 90, бөлүнүшү боюнча 55-35, босого боюнча 3 эле пайыз эле. Экинчи окууга келгенде 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге ээрип кеттиңерби? Эмне үчүн эки пайыз кошулуп калды?»,- деди ал.
«Депутаттар сунушташты, комитет колдоду»,- деди конституциялык мыйзам боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов.
«Октябрь шайлоосунда 12 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга чыгышкан. Ошолордун бардыгы 7 пайыздан өтпөй калгандар болчу. 1 миллионго жакын добуштар күйүп кеткен. Азыр ушундай болбойт деп ким кепилдик берет? 5 пайыз деген чоң да»,— деди Момбеков.