Эки шайлоого 800 миллион сомдон ашуун каражат керектелет

Президенттик жана парламенттик шайлоого керектелүүчү каражат 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизилген эмес. Эки шайлоону өткөрүүгө 853 миллион сом керектелери пландалууда. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте билдирди.

«Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат, парламенттик шайлоо 2020-жылы өтүш керек эле. Ошондуктан кийинки жылдын бюджетинин долбооруна кирбей калган. Экинчи окууда бул каражатты кайдан таба турганыбызды кийин айтабыз», — деди Новиков.

Президенттик шайлоо кийинки жылдын 10-январында өтөт. Ал эми парламенттик кайра шайлоо июнь айына чейинки мөөнөткө жылдырылган.