Экинчи вице-спикерликти да “матраимовчулар” алабы? Касымалиеваны кетиргени жатышат

Жогорку Кеңеште Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүү боюнча кол чогултулуп жатканы айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, кол чогултууга Гүлкан Молдобекова демилгечи болгон жана вице-спикерликке да ушул эле депутаттын келери сөз болуп жатат. Спикердин орун басарын отставкага кетирүү үчүн фракциянын макулдугу керек.

КСДП фракциясынан Аида Касымалиева вице-спикер болуп Асел Кодуранованын ордуна 2018-жылы шайланган. Соңку шайлоого Касымалиева “Биримдик” партиясынын алдыңкы ондугунда катышкан. Ал эми Молдобекова “Мекеним Кыргызстан” партиясынын алдыңкы он бештигинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басары бар. Анын бири — Мирлан Бакиров. Өз учурунда Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесин баштап соңку шайлоого катышкан.